Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Ким Чен Ын саммит үчүн Түштүк Кореянын аймагына өтөт


Эки Кореянын биригишин жактаган студенттердин акциясы. Сеул, 26-апрель, 2018-жыл.
Эки Кореянын биригишин жактаган студенттердин акциясы. Сеул, 26-апрель, 2018-жыл.

Муну менен ал 1953-жылдагы согуш аяктагандан бери Түндүк Кореянын аскердик демаркациялык сызыктан өтүп, Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган алгачкы лидери болот.

Расмий Сеул жарыялагандай, аны чек арада жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең саат 9:30, Бишкек убактысы боюнча 6:30да Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өзү тосуп алат. Эки лидердин расмий сүйлөшүүлөрү чек арадагы Панмунжон кыштагында жайгашкан Тынчтык үйүндө өткөнү турат.

Түштүк Кореянын билдиргенине караганда, саммитте “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, туруктуу тынчтык орнотуу, корей аралык мамилени алга жылдыруу” маселелери талкууланат. Бул Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Корея лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан. Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин азыркы саммитинен кийин Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өтөөрү айтылууда.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Корея былтыр баллистикалык ракеталарын дембе-дем сынагандан кийин эми кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырышат.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен катаалдаштырган. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди. (UE)

XS
SM
MD
LG