Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине "бомба коюлганы" кабарланды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, милициянын 102 кызматына саат 13:37де бул тууралуу маалымат түштү. Учурда саперлор издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Имараттан адамдар эвакуацияланды. Бул окуу жайда бир канча мамлекеттин жарандары билим алышат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы телефон чалган адам изделип жатканын билдирди. Буга чейин да бир канча ирет милицияга ушинтип телефон аркылуу түшкөн маалыматтар жалган экени аныкталган.
Күч органдары мындай маалымат берген адам үч жылга чейин камаларын эскертишет. (SE)