Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Армениянын парламенти жаңы премьерди 1-майда шайлайт


Еревандагы бүгүнкү жүрүш.
Еревандагы бүгүнкү жүрүш.

Бул тууралуу парламент спикери Ара Баблоян бийликтеги Республикалык партияга оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштаган демонстранттардын кысымы күчөгөн учурда бүгүн жарыялады.

Көптөн бери бийлик башында жүргөн мурдагы президент Серж Саргсян премьер-министрдин кызматын тапшырууга аргасыз болуп, бир өнөктөшү коалициядан чыгып кеткенине карабай 58 мандаты бар Республикалык партия 105 орундуу парламентте баары бир көпчүлүк бойдон калууда.

Парламентте тогуз эле мандаты бар “Елк” фракциясы өкмөт башчылыкка нааразылык кыймылынын лидери Никол Пашинянды көргөзөрүн жарыялады. Пашинян өзү талапкерлигине колдоо алыш үчүн парламенттеги башка фракциялар менен сүйлөшүүгө да киришти.

Республикалык партиянын кечээ кечиндеги жыйынында алардын парламенттеги фракциясы “кайсы маселе болбосун тараптардын баары менен эч шартсыз талкуулоого даяр экени" макулдашылган.

Мунун алдында азыр нааразылык кыймылын баштап жүргөн “Жарандык келишим” партиясынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян Еревандагы ири митингде өзүн утурумдук премьер-министр катары дайындоону, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

Ал ошондой эле эгер Улуттук ассамблея азыр премьер-министрдин кызматын аркалап жаткан Карен Карапетянды бул кызматка бекитүүгө аракеттенсе парламенттин имараты “камоого” алынаарын да эскертти. Ереванда демонстрациялар бүгүн да өтүп жатат.

Азыркы өкмөттүн эки белдүү мүчөсү - тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эдвард Налбандян жана вице-премьердин милдетин аткаруучу Армен Геворгян - саясий кризисти талкуулаш үчүн Москвага барганы белгилүү болду. (UE)

XS
SM
MD
LG