“Эркин Европа/Азаттык” радиосу “Крым.Реалии” сайтынын жергиликтүү активисттерге шилтеме жасап кабарлаганына караганда, Орусиянын күч түзүмдөрү бейшеби күнү Крым татарларынын улуттук кыймылынын активисттеринин, ишкерлер менен меценанттардын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү.
Ал эми Крым татарларынын межлисинин төрагасы Рефат Чубаров буга байланыштуу “Фейсбуктагы” баракчасына “тинтүү жүргүзүлгөн жерлерге атайын бөлүктөрдүн ок атуучу курал менен жабдылган күчтөрү топтолуп, ал жерлер курчоого алынды, операцияны ФСБнын кызматкерлери жетектөөдө” деп жазды.
“Крым тилектештеги” бирикмесинин маалыматына караганда, тинтүүдөн кийин күч түзүмдөрү Ресул Велиляев деген ишкерди, анын карындашы Зеру Велиляеваны, Али Бариев деген дагы бир ишкерди кармап кетишкен.
Бүгүн тинтүү өткөрүлгөн «Гузель» соода түйүнү менен «КрымОпт» фирмасы Крымдагы ири ишкер Ресул Велиляевге таандык.
Батыш өлкөлөрү жана Украина, ошондой эле бир катар укук коргоо уюмдары 2014-жылдын март айында Крым Орусия тарабынан анексиялангандан бери жарым аралдагы Кремлге көзү түз эмес жергиликтүү татарлар кысымга кабылып жатканын утур-утур айтып келишет.
Орус бийлиги болсо Крым татарларына карата көрүлгөн чараларды алардын өкүлдөрүнүн “мыйзамсыз иштерине” байланыштырышат.
Орусиянын күч түзүмдөрү жана Крымдын орусиячыл бийлиги соңку тинтүү боюнча комментарий бере элек. (UE)