Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Грузиянын мурдагы премьери кайрадан партияны жетектейт


Бидзина Иванишвили.
Бидзина Иванишвили.

Миллиардер жана мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвили өзү негиздеген “Грузин кыялы” партиясынын төрагалыгына кайтып келээри бүгүн Тбилисиден жарыяланды.

Партиянын учурдагы лидери, премьер-министр Гиорги Квирикашвилинин кабарчыларга билдиргенине караганда, Иванишвили анын жана башкалардын суранычынан кийин кайра партиянын төрагасы болууга макул болду.

“Грузин кыялы” партиясы 2012-жылкы шайлоодо мурдагы президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясын жеңип алган эле.

Бул жеңиштен кийин Иванишвили бир жылдай премьер-министр болгондон кийин кызматын өз кишисине өткөрүп, саясаттан кеткенин да жарыялаган. Бирок "ал “Грузин кыялын” көшөгө артынан башкарып жатат" деген да көз караштар бар болчу.

Бул партия бийликке келгенден бери мурдагы президент Михаил Саакашвилинин ондогон кызматташтары коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн айыпталып, айрымдары түрмөгө да түштү. (UE)

XS
SM
MD
LG