Бишкектеги Ош базарынын жанында, Кулиев жана Пушкин көчөлөрү кесилишкен жерде чогулган эл милиция кызматкерлерине тоскоол болуп, кылмышка шектүүнү карматпай койду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, окуя 25-апрелде болгон:
- Саат 17.28 чамасында 102ге Махатма Ганди көчөсү тарапта автоунаадан белгисиз бирөөлөр жарым жылаңач кызды түшүрүп кеткени тууралуу маалымат келген. Андан кийин милициянын ыкчам батальону тиешелүү аракеттерди жүргүзгөн. Кыз милиция кызматкерлерине Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнө карата кылмыш жасаган деген адамдарды байкап калып, көрсөтүп берген. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканда 20-30дай киши чогулуп, аларды курчап калган. Алардын бири милиция кызматкеринин табелдик куралын алууга да аракеттенген. Милиционер өзүнүн тапанчасы менен эки жолу асманга ок аткан.
Адыл Оморов кошумчалагандай, милиция бул кылмышка шектүүлөрдү кармай элек. Азырынча кылмыш иши козголгон жок. Териштирүү уланууда. Окуя тартылган видео Интернетке да тарады. Шектүүлөр кыз зордуктоо боюнча изделип жатат деген маалымат бар. (NT)