Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:48

Бул тууралуу бүгүн Брюсселден кабарчыларга НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди:

- Биздин башкы салымыбыз - ооган шайлоосу коопсуз өткөрүлүшүн камсыз кылуу, ооган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу, кеңеш берүү, ошондой эле каржы менен колдоо. Буларды айтууда мен шайлоонун коопсуз өтүшүн камсыз кылыш үчүн НАТО күчтөрүнүн чектелген ролун да эске алып жатам.

Кечээ “Талибан” жазгы чабуулу башталганын жарыялап, анын алдында 22-апрелде Кабулда, шайлоочуларды каттоо борборундагы жарылуудан 60тай кишинин өмүрү кыйылган.

Ооганстандын көптөн бери күтүлгөн, улам кийинкиге калтырылып келе жаткан шайлоосу ушул айдын башында гана жарыяланып, шайлоочуларды каттоо жараяны 14-апрелде башталды.

Өлкөнүн 249 орундуу парламентинин азыркы курамынын ыйгарым укуктары же кызмат мөөнөтү 2015-жылы эле аяктап, бирок президенттин жарлыгы менен эле узартылган.

НАТО азыр Ооганстандагы 13 миңдей аскеринин санын дагы 3000ге көбөйтүү жараянында. Алар 2014-жылдан бери негизинен ооган күчтөрүн машыктыруу миссиясын аркалашат. (UE)

XS
SM
MD
LG