Британия жана Франция Орусия менен Сириянын Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун Гаагадагы кеңсесине күбөлөрдү алып келишин “амалкөйлүк”, “маскарад” деп атады.
Чыгыш Гута аймагынан Дамаск жана Москва күбө деген бир нече адам Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун кеңсесине Сириянын Дума шаарында химиялык чабуул болгон эмес деген ырастоону колдоо үчүн 26-апрелде алынып барылган.
Орусиялык жана сириялык расмий өкүлдөр, алар атагандай, “күбөлөрдүн” катышуусунда брифинг өткөрүлөрүн жарыялашкан.
Бирок Британиянын Химиялыкк куралга тыюу салуу уюмундагы элчиси Питер Уилсон аталган уюм “театр эместигин” белгилеп, алар жана өнөктөштөрү брифингге катышпай турганын билдирди.
Ал эми Франциянын Нидерланддагы элчиси Филипп Лаллиот Орусия менен Сириянын аракетин «маскарад” деп атады.
Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун эксперттери 25-апрелде Дума шаарына экинчи ирет барып, анализ үчүн үлгүлөрдү алышты жана алар лаборторияга жөнөтүлөт.
Дума шаарында химиялык чабуул деген окуяга жооп чара катары АКШ, Франция, Британия 14-апрелде Сириянын химиялык курал программасына байланышы бар жайларына 100дөн ашуун ракета аткан.
Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Думада курамында хлор жана зарин газы бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен. Алардын арасында балдар да бар.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 киши "өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген белгилерден" жабыр тарткан.
Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” катары мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болбогонун айтып келишет. (UE)