Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:40

Майк Помпео мамлекеттик катчылыкка бекитилди


Майк Помпео Сенаттын комитетиндеги жыйын учурунда. 12-апрель, 2018-жыл.

АКШнын Сенаты Майк Помпеону мамлекеттик катчылык кызматка 57 добуш менен бекитти. 26-апрелдеги добуш берүү учурунда 42 сенатор анын талапкерлигине каршы чыкты. Сенаттагы добуш берүүдөн кийин ал дароо эле Жогорку соттун судьясынын алдында мамлекеттик катчы катары ант берди.

54 жаштагы Майк Помпео соңку он беш айдан бери АКШнын Борбордук чалгын кызматын башкарып турду.

Президент Дональд Трамп жаңы мамлекеттик катчынын бекитилишин кубаттап, Помпеону “АКШнын кызыкчылыгын ар убак биринчи орунга коё турган” адам катары мүнөздөдү.

Ал акыркы күндөрү Вашингтон менен Пхеньяндын саммитин даярдоо менен алектенип, бир жума мурда Түндүк Кореяга жашыруун барганда бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен жолугуп келген.

Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, Помпео 27-апрелде, Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Андан кийин иш сапары менен Израилге, Сауд Арабиясына, Иорданияга барат.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматтан кетери 13-мартта жарыяланган. Президент Дональд Трамп анда өз чечимин саясий көз караштардагы айырмачылык менен түшүндүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG