Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы “Белизгейт” маселесин карайт


Белизден алынганы кабарлангган документтер.
Белизден алынганы кабарлангган документтер.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинде айткан коррупция менен күрөш боюнча аткарылып жаткан иш-чараларды карайт.

Фракциянын депутаттары билдиришкендей, жыйында буга чейинки коррупция менен күрөш, анын ичинде “Белизгейт” деген ат менен таанылган иш да талкууланат.

Жыйынга башкы прокурор, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси жана өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөш башкармалыгынын төрагалары баяндама жасайт.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Атамекенчилер" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирген. Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

Абдил Сегизбаев 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG