Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Бошотулгандан кийин каза болгон жигиттин ата-энеси Түндүк Кореяны сотко берди


Отто Уормбиер.
Отто Уормбиер.

Түндүк Кореяда абактан бошотулган америкалык студент Отто Уормбиердин ата-энеси Пхеньянды сотко берди. Соттук доо арызда бул өлкөнүн бийлиги Уорбиерди барымтага алып, кыйнап, өлтүрүүгө жеткиргени көрсөтүлгөн.

Маркум студенттин үй-бүлөсү алардын уулу Түндүк Кореядагы кыйноодон кийин кайтып келгенин белгилешет. Доогерлер корей бийлигинен компенсация өндүрүүнү талап кылганы менен, кундун көлөмү айтыла элек.

22 жаштагы Отто Уормбиер 20-июнда АКШга алынып келингенден кийин өзүнө келбей жатып каза болгон. Ал мекенине оор абалда жеткирилип, ооруканага жаткырылган. Отто Уормбиер Пхеньянда үгүт плакатын уурдаганы үчүн мамлекетке кастык кылды деп 15 жылга соттолгон.

Уормбиердин Пхеньянды сотко бериши АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кезигээри сөз болуп жаткан учурга туш келди. Эки лидер майдын аягында же июнь айынын башында жолугушат деп күтүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG