Кыргыз өкмөтү май айындагы майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүн жарыялады. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 30-апрелдеги жумуш күнү 28-апрелге жылдырылды. 30-апрель жана 1-май эс алуу күндөрү деп жарыяланды.
5-май ишемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу 3-сентябрга которулат. 9-май да жумуш күнү эмес.
Кыргызстанда 1-май - Эмгек жана тынчтык майрамы, 5-май - Конституция кабыл алынган күн. 9-май - Жеңиш күнү.