Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Орусиядагы мигранттардын экстремизмге азгырылышы изилденди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык "Search for common ground" (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) уюму Орусияга Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган эмгек мигранттарынын кайсы катмары жана кандай себептерден улам экстремисттик агымдарга кошулуп кетерин изилдеп, жыйынтыгын жарыя кылды.

Изилдөөгө ылайык, экстремизмге жаштар, мыйзамсыз эмгектенип жүргөндөр, билимсиз жана жалгыз бой мигранттар көбүрөөк дуушар болууда. Адистердин баяндамасында Борбор Азиядан кеткен мигранттардын өздөрү экстремисттик көз караштан оолак болору, аларды кылтакка илген экстремисттик топтордун тамыры Кавказдан чыгары аныкталган.

Изилдөө Орусиянын 13 шаарында жүргүзүлүп, ага катышкан 218 респонденттин жоопторуна таянып тыянак чыгарылган.

Сурамжылоого Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары катышкан. (KR)

"Азаттык" 2014-жылы тарткан "Орусиядагы Сирия азгырыгы" берүүсү:

XS
SM
MD
LG