Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Ошто өрт учурунда 5-кабаттан секирген кыз каза болду


Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрт.
Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрт.

Ошто өрт учурунда бешинчи кабаттан секирген кыз каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маркум Алай районунда туулганы, 28 жашта болгону маалымдалды. Анын мээсине кан куюлуп, операция жасалган эле.

24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен алты киши жабыркап, Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Экөөнүн абалы оор деп бааланган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш бөлүмүнөн өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тартылган. Өрт эки сааттан кийин өчкөн. Кырсыктан кийин бешинчи кабаттагы эки батир коридору менен кошо күйүп кеткен. (MdN)

XS
SM
MD
LG