Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

"Легендарлуу парламенттин" депутаты Сейитбек Жээнчороевдин сөөгү жерге берилди


Маркум Сейитбек Жээнчороев.
Маркум Сейитбек Жээнчороев.

"Легендарлуу парламенттин" депутаты, коомдук ишмер Сейитбек Жээнчороев 69 жашында дүйнөдөн кайтты. Аны жерге берүү зыйнаты бүгүн кичи мекени, Талас облусундагы Кызыл-Адыр айылында өттү.

Жээнчороев 1949-жылы 21-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылында төрөлгөн. 1972-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган.

Эмгек жолун ошол эле райондо ветеринар дарыгер болуп иштөөдөн баштаган. 1987-1990-жылдары Коммунисттик партиянын райондук бюросунун мүчөсү,1991-1995-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Маркум Сейитбек Жээнчороев - Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчоревдин чоң атасы. (AlS)

XS
SM
MD
LG