Бул тууралуу Түштүк Корея президентинин кеңсеси билдирүүдө. Анын айтымында, Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөрү “олуттуу жана чын ниеттен” болду.
Ким Чен Ын бүгүн 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган өз өлкөсүнүн алгачкы лидери болду. Аны бүгүн эки Кореяны бөлгөн чек арадагы аскердик демаркациялык сызыктан Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өзү тосуп алды.
Маалыматка караганда, учурда эки тарап бүгүнкү саммиттин соңунда кабыл алынуучу билдирүүнүн мазмунунун үстүндө иштөөдө. Саммит чек арадагы Панмунжон кыштагында өтүп жатат.
Азыркы жолугушуу - Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Кореянын лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан.
Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин саммитинен кийин Ким Чен Ын менен майда же июнда АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өтөөрү айтылууда.
АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Корея былтыр баллистикалык ракеталарын дембе-дем сынагандан кийин эми кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга моюн суна баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырышат.
Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди. (UE)