Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Казак элчилиги АКШнын “аскердик базалары” жөнүндөгү маалыматты четке какты


Казакстандын Актау портундагы бажы бекети. 2016-жылкы сүрөт.
Казакстандын Актау портундагы бажы бекети. 2016-жылкы сүрөт.

Казакстандын Орусиядагы элчилиги "АКШнын Куралдуу күчтөрү Каспий деңизиндеги портторду колдонуп жатат" деген маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

"Акыркы аптада Орусиянын бир катар маалымат каражаттары “АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Казакстандын Каспий деңизиндеги портторун колдонуп жатканы, анын ичинде Казакстандын аймагында АКШнын аскердик базаларын ачканы тууралуу чындыкка шайкеш келбеген” маалыматтар камтылган материалдарды жарыялашты", деп белгилейт элчилик.

Казак элчилигинин маалыматында көргөзүлгөндөй, мындай мүнөздөгү материалдардын пайда болушуна Казакстан менен Американын ортосунда 2010-жылдын 20-июнунда кол коюлган келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протокол түрткү бергени белгиленген. Ал келишимде АКШнын атайын жүгүн Ооганстанга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол аркылуу өтүшүн камсыздоо жагы каралган.

Казакстандын парламенти атайын жүктүн транзиттик маршурутуна Актау жана Курык порттору кошулган протоколду өткөн аптада ратификациялаган болчу.

Казак элчилигинин билдирүүсүндө АКШ менен ушундай эле макулдашууну мурда Орусия да түзгөнү, куралы жок атайын техникадан турган атайын жүктүн ташылуусуна катышканы да айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG