Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:05

Корей лидерлери өзөктүк куралдан “толук” арылууну көздөйт


Ким Чен Ын жана Мун Чжэ Ин бүгүнкү саммитте.

Бул тууралуу Түндүк жана Түштүк Корея лидерлеринин "тарыхый" деп мүнөздөлгөн саммитинин соңунда айтылды.

“Түштүк жана Түндүк Корея орток максатты - өзөктүк куралдан толук арылууну, Корей жарым аралы өзөктүк куралдан эркин болушун ырасташты”, деп белгиленет саммиттин соңунан таратылган билдирүүдө.

Бирок билдирүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылыш үчүн кандай жаңы конкреттүү чара көрөрү жазылган эмес.

Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин ошондой эле Корей согушун расмий аягына чыгарыш үчүн АКШ, балким Кытай менен да сүйлөшүүнү чогуу көздөшөрүн билдиришти.

Корей аралык согуш 1953-жылы токтогону менен расмий түрдө Түндүк жана Түштүк Корея азыр да согуш абалында.

Тараптар ошондой эле Түштүк Корея президенти быйыл жыл соңунда Пхеньянга барарын да макулдашты.

Ким Чен Ын бүгүн 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган алгачкы лидери болду. Аны бүгүн эки Кореяны бөлгөн, чек арадагы аскердик демаркациялык сызыктан Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өзү тосуп алды.

Азыркы жолугушуу Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Кореянын лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан.

Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин саммитинен кийин Ким Чен Ын менен майда же июнда АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өтөөрү күтүлүүдө.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Корея былтыр баллистикалык ракеталарын дембе-дем сынагандан кийин эми кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырышат.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG