Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Жаза аткаруу кызматкерлерине курулган үйлөр беш айдан бери тапшырыла элек


Жаза аткаруу кызматкерлери үчүн салынып жаткан үйлөр.
Жаза аткаруу кызматкерлери үчүн салынып жаткан үйлөр.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) үчүн курулган 70 батирлүү беш кабаттан турган эки турак жай уруксатсыз салынганын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад аэропортунун жанына салынган көп кабаттуу үй учуп-конуу тилкесинен 350 метр жерде жайгашкан, бул Аба кодексинин талаптарына каршы келет.

- Убагында курулуш боюнча бизге билдирүү келген эмес жана Жарандык авиация агенттиги аэропорт жетекчилиги менен кошо курулушту токтотуу боюнча убагында тийиштүү тараптарга кайрылуу жолдогонбуз. Ошол себептүү азыр турак жай пайдаланууга берилбей жатат,- деди Акышев.

Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Бакытбек Байжигитов 1972-жылы жана 2009-жылы бекитилген башкы планга Жалал-Абад аэропорту киргизилбегенин, ошону эске алуу менен курулушка документ даярдалганын белгиледи. Мурунку жылдары Жарандык авиация агенттиги аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 124 метр алыстыкта турак жай салууга жарандарга уруксат бергенин кошумчалады. Былтыр аэропорттун жанына жеке ишкерлер эс алуу жайын салган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 колониясынын кызматкерлери үчүн салынган беш кабаттуу эки турак жай 2017-жылдын май айында башталып, декабрда аяктаган. Эки жана бир бөлмөлүү 70 батирлүү турак жайга мамлекеттен 96 миллион сом бөлүнгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG