Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

ИМдин интернет-инфраструктурасына каршы операция жүрдү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бир нече мамлекетте полициянын Европол координациялаган операциясы учурунда компьютерлик серверлер, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун пропагандасына тиешеси бар маалыматтар алынды.

Атап айтканда “Ислам мамлекети” тобуна байланыша бар деген “Амак” агенттигинин, “ал-Баян” интернет радиосунун сайттарына тиешелүү серверлер алынган.

ИМ тобу Европадагы террордук кол салууларга жоопкерчилик алган билдирүүлөрүн мына ушул маалымат булактары аркылуу жайылтып жүрөт.

Эми операция учурунда алынган маалыматтар жихад пропагандасына байланышы бар веб-ресурстардын администраторлорун аныктоого жардам берүүсү керек.

Британ “Гардиан” басылмасынын жазганына караганда, мындай операция АКШ, Канада, Нидерланд, Франция, Румыния, Болгарияда өткөрүлгөн.

Операциянын максаты “Ислам мамлекети” тобунун интернеттеги пропагандалык мүмкүнчүлүктөрүн токтотуу болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG