Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:42

Трамп эки Кореянын саммитин кубаттады


Түштүк жана Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусунан бир учур. 27-апрель, 2018-жыл.

АКШ президенти бүгүн “Твиттердеги” баракчасында “ракета атуулардын, өзөктүк сыноолордун каардуу жылынан кийин Түндүк жана Түштүк Кореянын тарыхый жолугушуусу өтүп жатат. Жакшы нерселер болууда, бирок баарын убакыт көргөзөт”,- деп жазды.

Трамп ошондой эле “Корей согушу аяктоодо! АКШ жана анын улуу эли азыр Кореяда болуп жаткандарга сыймыктануусу керек. Менин жакшы досум, Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин АКШга, өзгөчө Түндүк Кореянын чек арасында берген жардамын унутпоо керек. Ансыз бул узак жана татаал жараян болмок”,- деп да белгиледи.

27-апрелде чек арадагы Панмунжон кыштагында өткөн, “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммиттен кийин корей лидерлери өзөктүк куралдан “толук” арылууну көздөй турганы айтылды:

- Түндүк Кореянын өзөктүк иштерин тоңдурганы өтө маанилүү. Бул Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуунун баалуу башталышы болот. Мен Түндүк жана Түштүк өзөктүк куралдан толугу менен арылуу үчүн тыгыз кызматташарын ачык жарыялайм. Биз чогуу Корей жарым аралында мындан ары согуш болбойт деп билдирдик. Тынчтыктын жаңы доору башталды, - деди Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин саммиттен кийинки сөзүндө.

Бирок билдирүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу үчүн кандай жаңы конкреттүү чараларды көрөрү жазылган эмес.

Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин ошондой эле Корей согушун расмий аягына чыгаруу үчүн АКШ, балким Кытай менен да сүйлөшүүнү чогуу көздөшөрүн да айтышты.

Корей аралык согуш 1953-жылы токтогону менен техникалык жактан Түндүк жана Түштүк Корея азыр да согуш абалында.

Ким Чен Ын бүгүн 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган алгачкы лидери болду.

Азыркысы Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Корея лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан.

Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин саммитинен кийин эми Ким Чен Ын менен майда же июнда АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу да болот деп күтүлүүдө.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Корея былтыр баллистикалык ракеталарын дембе-дем сынагандан кийин эми кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырышат.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен катаалдаштырган. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди. (UE)

XS
SM
MD
LG