Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Болгонбаев КТРК жетекчисине ишеним көрсөтпөсүн жарыялады


Сүрөт Азамат Болгонбаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алдынды.
Сүрөт Азамат Болгонбаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алдынды.

Төкмө акын, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев аталган каналдын жетекчиси Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөө сунушун киргизерин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Болгонбаев мындай кадамын “2017-жылдын аягында сатып алынган көчмө телестанция боюнча, саясий окуялар учурунда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтер үчүн" деп түшүндүргөн.

Буга чейин Илим Карыпбековдун ишин коомдук ишмер Эдил Байсалов, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан дагы сынга алган.

Ал эми корпорация жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу дооматтарды четке кагып, көчмө телестанция боюнча Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG