Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Майып балдардын компьютердик курстары аяктады


Жарандык активисттердин майып балдар жана алардын ата-энелерине арналган IT-технологияны, компьютерде иштөөнү окутуу курстары бүгүн аяктады.

Курска Бишкек жана Ош шаарларынан жыйырмадан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздар катышты. Алардын ата-энелерине да тикмечилик, наабайчылык жаатында кошумча адистиктер берилди. Аталган курстар февраль айында башталган.

Иш-чараны уюштурган Айнагүл Абдрахманова “Азаттык” радиосуна бүтүрүүчүлөрдүн мындан ары компьютердик технология жаатында окуу жайларда билим алуусун да камсыздашарын билдирди.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар. Кыргызстанда майыптарды ишке орноштуруу көйгөйлүү маселелердин бири. (BCh)

XS
SM
MD
LG