Бул тууралуу 28-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, Рыскулов жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80% түзөөрүн айтып, энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгын белгилеген.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды. (TSh)