Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Мирзиёев инвестиция тартпаган акимдерди иштен айдайт


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкенттин жаңы акими Жахонгир Артыкходжаев
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкенттин жаңы акими Жахонгир Артыкходжаев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин шаар башчысы кылып белгилүү олигарх Жахонгир Артыкходжаевди убактылуу дайындап, шаардын райондоруна 1 млн. доллар инвестиция алып келбеген акимдерди иштен аларын билдирди. Мирзиёев бул тууралуу 26-апрелде өткөн жыйында айтканын Kun.uz. сайты жазды.

- Ташкент шаарынын жаңы акиминин дайындалышынан чечим чыгаргыла. Бир кепилдик – элдин талабын канааттандыргыла. Кантип? Күнүгө бир нерсени демилгелеп, аракет кылгыла. Эгерде Ташкент шаарынын райондорунун жетекчилери 1 млн. доллар инвестиция тартып келбесе, андай акимдердин кереги жок. Мен баарыңарды иштен айдайм, – деди Миризёев.

Ташкенттин мурдагы акими Рахмонбек Усманов башка кызматка которулуп кеткен. Анын ордуна келген 43 жаштагы Жахонгир Артыкходжаев буга чейин Tashkent City жана Artel Engineering ишканаларынын жетекчиси болгон. Анын AKFA Group компаниясы Өзбекстанда алюминий жана желим терезе-эшиктерди жасары менен белгилүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG