Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара башчылары жолугушту


кыргыз-өзбек чек арачылары
кыргыз-өзбек чек арачылары

Кыргызстандын чек ара кызматынын кабарлашынча, 27-апрель күнү Өзбекстанда эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү.

Кыргызстандын делегациясын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ал эми өзбек тараптан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысынын орун басары Руслан Мирзаев жетектеди.

Тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы 2018-жылдын биринчи кварталындагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, коопсуздукту камсыз кылуудагы биргелешкен жумуштардын натыйжалуулугун талкуулашты. Жыйын соңунда чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюшту.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Анда эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын адистери биргелешкен жумушчу топ түзүп, жагдайды иликтөөгө алган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG