Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Депутат Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Иш-чаралардын графиги түзүлгөн документте Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу жөнүндө маалымат болгон эмес.

Бирок 2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбей турганын билип туруп, Шадиев парламенттин спикерине сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгында аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго бөлүнүп берилген. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 2 млн. 61 миң сом зыян келтирген. Учурда бул факт УКМКнын тергөө башкармалыгында иликтенип жатат”, - деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Быйыл февраль айында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган.

Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

XS
SM
MD
LG