Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Сомалидеги жардырууда алты киши набыт кетти


Сомали
Сомали

Сомалинин Галькайо шаарында жанкечти өзүн жардырып, алты адам каза болду жана сегизи жараат алды. Каза тапкандардын арасында бир нече аскерлер бар экенин жергиликтүү Garowe Online басылмасы жазып чыкты.

Reuters агенттиги жардырууга жоопкерчиликти "Ал-Каида" террордук уюмуна байланышы бар "Аш-Шабаб" тобу алганын белгилейт.

"Аш-Шабаб" тобу 2014-жылы түзүлгөн. "Ал-Каиданын” батыш Африкадагы бөлүмү катары айтылып келген бул топ көбүнчө Сомалинин борбордук бөлүгүндө чабуул уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG