Москва бийлиги Алексей Навальныйдын тарапташтары 5-майга пландаган “Путин бизге падыша эмес” аттуу акцияны өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Навальный өзүнүн "Телеграм" каналына жазып, аймактык коопсуздук департаментинин жетекчиси Василий Олейниктин колу коюлган мэриянын расмий катын тиркеди.
Москва шаарынын Аймактык коопсуздук департаментинин жетекчиси Владимир Черников буга чейин мэрия Навальныйдын Академик Сахаров проспектисине, 5-майга пландалган акциясына уруксат бергенин жар салган.
Бирок 9-майга аз калгандыктан, мындай иш-чара көчөлөрдөгү кыймылдын көптүгүнөн улам кайра каралып, уруксат берилбегени жүйө келтирилет. Навальный мындай жоопту “абалды козутуу” деп атады.