Президент Сооронбай Жээнбеков бишкектиктерди шаардын 140 жылдыгы менен куттуктады. Жээнбеков куттуктоосунда борбор калаа билим берүүдө, бизнес жана инновациялык өндүрүштөрдү түзүүдө масштабдуу пландары менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошорун, Бишкек жашыл, таза жана коопсуз болушу керек экенин белгилеген.
Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Бүгүн 29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жатат. (TSh)