"Телеграмдын" негиздөөчүсү Павел Дуров мессенжердин иши үзгүлтүккө учураганын кабарлады. Ал "Твиттер" баракчасына “Серверлердин бири аябай ысып кеткендиктен бир нече саатка чейин европалык колдонуучуларда мессенжерге кошулууда маселе жаралат” деп жазды. Ошондой эле Дуров маселе чечилерин белгиледи.
Downdetector сайтынын маалыматында "мессенжер иштебей жатат" деген арыздар Москва, Киев, Лондон, Рим жана Бейруттан түшүп жатат.
Учурда Кыргызстанда да социалдык тармактын колдонуучулары "Telegram" мессенжери иштебей жатканын жазууда.
Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "Телеграм" компаниясынан кат алышуунун ачкычтарын берүүнү талап кылган. Купуялыкты 100% сактоону убада кылып келген компания мындай талапты аткаруудан баш тарткан.
Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде бул түйүндү Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. Мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган. (TSh)