Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

АКШ мамдепартаменти Армениянын бийлиги менен оппозициянын диалогун колдойт


АКШнын мамлекеттик департаменти Армениянын азыркы бийлигинин тарапташтары менен оппозиция өкүлдөрүн жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүсүн колдойт. Бул тууралуу мамдепартаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө жазылган.

Анда АКШ тынч демонстрацияларды жактай турганын жана акцияга чыккандарга коопсуздук күчтөрү күч колдонбойт деп үмүт кыларын белгилеген.

Өлкөдөгү ири демонстрациялардан улам премьер-министр Серж Саргсян кызматын тапшырган. Ага чейин 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Мындан кийин анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары башталган.

Армян парламентинин спикери Ара Баблоян Улуттук ассамблея жаңы премьерди шайлай турган сессияга 1-майда чогуларын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG