Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

2017-жылы 10 миң батир колдонууга берилди


Өкмөттүн отчетунда өткөн жылы 10,2 миң батир, башкача айтканда 1 млн. 80 миң чарчы метр имарат эксплуатацияга берилгени айтылат.

2017-жылы турак жай курууга сарпталган каражаттын суммасы 38 млрд. 794 млн. сомду түзгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 11.8 пайызга көп дегенди билдирет. Турак жайлардын курулушу негизинен Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жүрүп жатат.

Учурда Бишкек шаарында 300гө жакын ири имараттардын курулушу жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү көп кабаттуу батир үйлөр. Бул өз кезегинде элдин турак-жайга суроо-талабы арбын болуп жатканына байланыштуу деп айтылууда. Ошентсе да азырынча турак-жай баасы төмөндөй элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG