Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Сауд Арабияда ири оюн-зоок курорту курулат


Падыша Салман жана ханзаада Мухаммед бин Салман ири оюн-зоок курорттун курулушун баштоо аземинде. 28-апрель, 2018-жыл.
Падыша Салман жана ханзаада Мухаммед бин Салман ири оюн-зоок курорттун курулушун баштоо аземинде. 28-апрель, 2018-жыл.

Бул Сауд Арабиядагы тактынын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салмандын эскичил өлкөнүн экономикасын ачуу жана маданий саясатын бир аз либералдаштыруу планынын алкагындагы долбоорлордун бири.

Борбор Эр-Рияддан автоунаа менен каттаганда бир саат алыстыкта жайгашкан, Киддия деген жерде курулушту баштоо аземине падыша Салман дагы катышты.

Көңүл ачуучу курорт 334 чарчы чакырым аймакка курулат, бул Флоридадагы Дисней дүйнөсүнөн эки жарым эсе чоң. Биринчи бөлүгү 2022-жылы ачылат деп айтылууда жана сауд бийликтеринин эсебинде жылына бери дегенде 1,5 миллион адамды тартуусу керек. Долбоордун инфраструктурасынын эле чыгымы 8 миллиард доллар деп саналган.

Сауд Арабияда жакында 40 жылга созулган тыюудан кийин алгачкы кинотеатр ачылган.

Өлкөнүн оюн-зоок боюнча башкы башкармалыгынын билдиришинче, быйыл ал 5000ден ашуун фестивал-концерттерди өткөрөт жана бул секторго алдыдагы он жылда 64 миллиард доллар инвестиция салат. (UE)

XS
SM
MD
LG