29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленди. Башкалаада бир катар маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулду.
Башкы аянтта жаш балдар даярдаган концерт менен башталган майрам гүл жармаңкеси менен коштолду.
Кечинде Ала-Тоо аянтында калаанын 140 жылдыгына арналган чоң концерт болду.
Бул күнү шаарда төрт түгөй баш кошуп, төрөт үйлөрүндө 87 ымыркай жарык дүйнөгө келди. (NT)