Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Сузак менен Жалал-Абадга өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Көк-Арт дарыясына түшкөн жер көчкү. 29-апрель, 2018-жыл. Жалал-Абад облусу.
Көк-Арт дарыясына түшкөн жер көчкү. 29-апрель, 2018-жыл. Жалал-Абад облусу.

Жер көчкүгө байланыштуу Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинде жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калган.

Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу келип чыккан. Азыр тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG