Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды жубайы менен жекшембинин кечинде Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.
Сапардын жүрүшүндө Эрдоган Өзбекстан парламентинде сөз сүйлөп, президент Шавкат Мирзиёев менен бирге түрк жана өзбек ишкерлеринин форумуна катышаары расмий кабарланды. Эрдоган 1-майда Бухарага бараары күтүлүүдө.
Ташкентке аттанаарда Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда брифинг өткөргөн. Түрк президентинин сайтында жазылгандай, анда Эрдоган "Түркия менен Өзбекстан колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдү кайрадан калыбына келтирет" деп ишенээрин билдирген. Андан тышкары Өзбекстанда имам Аль-Бухари жана имам Матриди атындагы илимий-изилдөө институттарын ачууну максат кылып жатканын айткан.