Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Былтыр Кыргызстанга 3 миллиондой казакстандык турист кирген


Ысык-Көлдүн жээги.
Ысык-Көлдүн жээги.

Казакстандын Статистика комитети 2017-жылы өлкөгө кирген-чыккан туристтердин санын жарыялады.

Маалыматка караганда, казакстандык туристтер үчүн былтыр эң популярдуу өлкө Орусия болгон. Ал жакка 4,6 миллион киши барган. Кыргызстанга 2,7 миллион, Өзбекстанга 1,7 миллион казакстандык турист кирген.

Казакстанга кирген-чыккандардын саны боюнча да Кыргызстан алдыда турат. 2017-жылы Казакстанга 7,7 миллион киши кирсе, алардын 3,3 миллионун өзбекстандык, 1,7 миллионун орусиялык жана 1,2 миллионун кыргызстандыктар түзгөн.

XS
SM
MD
LG