Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Жыл башынан бери беш жолу "бомба коюлду” деген жалган маалымат түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери “бомба коюлду” деп телефондон жалган маалымат берген беш окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлады.

Бомбага байланыштуу соңку окуя 29-апрелде катталды. “Бишкек 2” темир жол бекетине бомба коюлганы тууралуу кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Андан мурда 27-апрелде белгисиз адам "Бишкек Парк" соода борборунун кабылдамасына телефон чалып, "жардыргыч зат орнотулганын" айткан. Кийин бул жалган маалымат болуп чыккан. 26-апрелде Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине "бомба коюлганы" кабарланып, бирок тастыкталган эмес. Ага чейин бир канча жолу ушундай факт болуп, айрым "телефон террорчулары" кармалганы айтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ("Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо") ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылат же үч жылга чейин камалышы мүмкүн. (КE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG