Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Түркияда кыргыз келин өзү баккан аялды сабаган деп шектелүүдө


Сүрөт социалдык тармактагы видеодон алынды.
Сүрөт социалдык тармактагы видеодон алынды.

Кыргызстандык А.А. "Стамбул шаарынын тургуну, 88 жаштагы Ш.Г.ны сабады" деген шек менен укук коргоо органдарына сурак берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде "Hürriyet" басылмасы жазды. Кабарда кыргызстандык келин оорукчан түрк жаранын сабап, кол көтөрүп жатканы үйдө орнотулган камерага түшүп калган.

Окуя боюнча жабыркаган аялдын туугандары полицияга кайрылган. Жабыркаган аял ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун өкүлдөрү катышкан суракта шектүү келин Кыргызстандын жараны экени тастыкталган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү камалып, кийин "Түркиядан чыкпайм" деген тилкат менен бошотулган.

Бул иш боюнча соттук жыйын октябрь айына белгиленди. Иш азыр Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун көзөмөлүндө.

Расмий эсеп боюнча, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт. Кыз-келиндердин арасында кафе-ресторандарда официант, үй кызматчы болуп, балдарды карап, кары-картаңдарды багып иштегендер көп. (ElB/КЕ)

XS
SM
MD
LG