Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Чолпон-Атада мушташтан бир жигит каза болду


Буга чейинки мушташтардан тартылган сүрөт. Азыркы жаңылыкка тиешеси жок.
Буга чейинки мушташтардан тартылган сүрөт. Азыркы жаңылыкка тиешеси жок.

Чолпон-Ата шаарынын 17 жаштагы тургуну мушташтан улам каза болгонун "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 29-апрелде болгон. Анда Бактуу-Долоноту айылы менен Кара-Ой айылынын 17 жаштагы эки тургуну кыз талашып жекеме-жеке мушташа кетишкен. Натыйжада Бактуу-Долоноту айылынын тургуну талуу жерге сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Ал алган жаракатынан өзүнө келе албай, ооруканада көз жумган.

Учурда мушташка түшкөн экинчи бала Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгында. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иш козголду. Тергөө уланууда. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG