Бишкекте жыл башынан бери жеткинчектерге өгөй атасы жыныстык зомбулук кылган үч окуя катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Маалыматка караганда, үч окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип, сотко өткөрүлдү.
- Үчөө тең Бишкек шаарында болуп жатат. Жыныстык зомбулукка туш болгон кыздардын бирөө 7, экинчиси 11, үчүнчүсү 15 жашта. Аларга карата зомбулук, ыплас аракеттер өгөй атасы тарабынан болуп жатат. Кээ бирөөнү карасак эки жыл, башкасы 10 жыл жашап коюптур. Улуу кызы башка күйөөдөн болуп, кийин дагы балалуу болгондору бар. Бирок өгөй атасы кылган ушундай аракеттер кездешип жатат.
Расмий маалыматтар боюнча балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп жатат. 2016-жылы балдарга каршы 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. 2017-жылы жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы жыныстык мүнөздө деп табылган.
Кыргызстанда бир жылда миңден ашуун өспүрүм көз жарат. Адистер өспүрүм куракта төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү зордуктоого дуушар болушканын айтып келишет. (КЕ)