Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Армения: оппозиция лидери премьер-министрликке көрсөтүлдү


Никол Пашинян журналисттерге маалымат берүүдө. 30-апрель, 2018-жыл.
Никол Пашинян журналисттерге маалымат берүүдө. 30-апрель, 2018-жыл.

Армения парламентиндеги “Елк” фракциясы өз лидери Никол Пашиняндын талапкерлигин бир добуштан премьер-министрликке көрсөттү. Бүгүн Пашинян оппозициячыл фракциялар “Царукян” жана “Дашнакцутюн” менен жолугат. Алар буга чейин өздөрүнөн талапкер чыгарбастан, Пашинянды колдой турганын билдиришкен.

42 жаштагы оппозиция лидери парламенттик көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиянын өкүлдөрү менен да жолугары кабарланды. Конституция боюнча өлкөнүн эң жогорку бийлик кызматына айланган премьер-министрлик орунга шайлоо 1-майга белгиленген.

Никол Пашинян 13-апрелден бери элди баштап, миңдеген адамдар катышкан көчө жүрүштөрүн уюштуруп келет. Толкуган элдин сүрүнөн улам он жылдык президенттиктен дароо премьер-министрликке отурган Серж Саргсян кызматтан кетти. Парламентте 58 депутаты менен көпчүлүктү түзгөн Республикалык партия өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоо тууралуу талапка моюн сунду. Пашинян 105 орундуу армян парламентинде премьерликке шайланыш үчүн кеминде 53 добуш алышы керек.

XS
SM
MD
LG