Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Мэй, Макрон, Меркель: Тегеран менен макулдашууга толуктоо киргизсе болот


Франциянын президенти Эммануэл Макрон, британ премьери Тереза Мэй, Германиянын канцлери Ангела Меркел. 22-март, 2018-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, британ премьери Тереза Мэй, Германиянын канцлери Ангела Меркел. 22-март, 2018-жыл.

Британиянын, Франциянын жана Германиянын лидерлери Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк макулдашуу Ирандын аскердик өзөктүк державага айланышына бөгөт койгонун белгилешти. Мындай билдирүүнү британ премьеринин иш башкармалыгы жекшембиде таратты. Тереза Мэй француз президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефондон сүйлөштү. Үч лидер тең "азыркы макулдашууну толуктоого муктаждык бар" деген пикирге келишти.

Алар макулдашууга Ирандын баллистикалык ракеталарын жана Жакынкы Чыгыштагы абалды чыңалтуудагы ролун киргизүүнү туура көрүштү.

Май айынын этегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды узартууну же токтотууну чечет.

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Кытай менен Орусия бул келишимдин кайра каралышына каршы.

XS
SM
MD
LG