Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Ош шаарында чыккан өрттөн төрт үй күйүп кетти (видео)


Оштогу өрттү өчүрүү учурунда тартылып алынган сүрөт.
Оштогу өрттү өчүрүү учурунда тартылып алынган сүрөт.

Ош шаарында Фурманов көчөсүндө өрт чыгып, баштапкы маалыматтар боюнча төрт турак жай күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрт саат 13:39да аталган көчөдөгү №69 үйдөн чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөш кызматынын беш бөлүмү тартылып, 14:50дө өрт басаңдай баштаган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары окуя болгон жерге 102, 103 кызматтары да тартылды. Жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. Өрттүн эмнеден чыкканы да айтыла элек. (ErN)

Окуя болгон жерден тартылган ӨКМдин ыкчам видеосу:

XS
SM
MD
LG