Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Кабулда “Азаттыктын” ооган кызматынын эки журналисти курман болду


30-апрелде Кабулдагы жардырууда курман болгон журналисттер Мохаррам Дурани жана Абдулла Хананзай.
30-апрелде Кабулдагы жардырууда курман болгон журналисттер Мохаррам Дурани жана Абдулла Хананзай.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги мотоцикл миңген жанкечти Кабулдун чок ортосунда атайын кызматтын кеңсеси жайгашкан имараттын жанында өзүн өзү жардырып, кеминде 29 киши курман болгонун маалымдады.

20 мүнөттөн кийин журналисттер кол салууну чагылдырууга чогулган жерде экинчи бомба жарылган. Курман болгон тогуз медиа кызматкеринин арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматынын эки журналисти Абдулла Хананзай жана Сабавун Какар бар бар.

Хананзай "Озоди" радиосунун "Уунун кербени" деген баңгизаттарга каршы долбоорунда иштеп жүргөн.

“Франс Пресс” агенттиги Кабулдагы башкы фотографы Шах Мараи да мерт болгонун маалымдады.

"Ислам мамлекети" экстремисттик уюму өзүнүн "Амак" аттуу үгүт агенттиги аркылуу кол салууну уюштурганын мойнуна алды. Бир нече күн мурун болсо "Талибан" кыймылы жазгы чабуулун баштаганын билдирип, ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн четке какты.

АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы генерал Жон Николсон Кабулдагы жардырууларды айыптады.

XS
SM
MD
LG