Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Жекшеев: КТРКнын жетекчисин кетирүүгө негиз жок


Жыпар Жекшеев.
Жыпар Жекшеев.

Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчисин кетирүү жана ага ишеним көрсөтпөө маселеси күн тартибинде жок. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Ал жакын арада парламентке коомдук каналдын иши боюнча отчет берерин кошумчалады.

- Биз Илим Карыпбековдун отчетун "жакшы" деп кабыл алдык. Бир гана Болгонбаевден башкасы добуш беришти. Бекитип бергенден кийин анын мөөнөтү бүтө элек, дагы бир жылы бар. Кетүү боюнча маселе күн тартибинде жок. Ар кандай оюндар болуп жатышы ыктымал. КТРКнын жетекчисин биз гана - Байкоочу кеңеш гана кетире алабыз. Жогорку Кеңеш, президент кетире албайт.

Буга чейин төкмө акын, Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев “2017-жылдын аягында сатып алынган көчмө телестанция боюнча, саясий окуялар учурунда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтер үчүн" бул каналдын жетекчиси Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш киргизерин "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Буга чейин Илим Карыпбековдун ишин коомдук ишмер Эдил Байсалов, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов да сынга алган.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев КТРКнын жетекчилигин "Белизгейт" иши боюнча маалыматтарын төгүндөөгө милдеттендирүү жөнүндө сунуш киргизген.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков "телеканал атайын кызматтын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин көрсөтмөсү менен саясий авантюрага аралашкан" деген дооматка макул эместигин, "Белизгейт" иши боюнча сотко берип, сот аркылуу маалыматтардын чындыкка дал келбесин далилдей алган учурда гана аны төгүндөөгө бара турганын “Азаттыкка” билдирген.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 2015-жылы Коомдук каналдын башчылыгына 10 талапкердин ичинен Илим Карыпбековду шайлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG