Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 11…16;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 13…18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус болот.

1-майда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 13…15 градус жылыйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG