Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Швед прокуратурасы сотто өзбек жаранын өмүр бою кесүүнү сурады


Стокгольмдогу террордук кол салууга шектелген Рахмат Акилов (швед телеканалынан тартылган сүрөт)
Стокгольмдогу террордук кол салууга шектелген Рахмат Акилов (швед телеканалынан тартылган сүрөт)

Швециянын прокуратурасы былтыр апрелде Стокгольм шаарында теракт уюштурууга айыпталып жаткан өзбек жараны Рахмат Акиловду өмүр бою эркинен ажыратууну соттон өтүндү.

«Өмүр бою эркинен ажыратуудан башка чара колдонуу мүмкүн эмес. Акилов коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат жана ал азыркы көз карашынан кайтмайынча келечекте дагы коркунучтуу бойдон калат», - деди прокурор Ханс Ирман соттогу корутунду сөзүндө.

Прокурордун сөзүнө караганда, Акилов Сирияга барып, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушууга ниет кылган. «Анын планы ишке ашпай калган. Андан кийин ал өзү жашаган жерде коркунучтун үрөнүн сепкиси келген" - деген прокурор Акилов Швецияны НАТОнун курамында «Ислам мамлекетине» сокку уруп жатат деп жектегенин негиз кылды.

Стокгольмдо өзбек жаранынын үстүнөн 13-февралда башталган сот 2-майда аяктайт. Бирок соттун өкүмү июндун экинчи жарымында чыгат.

Былтыр 7-апрелде Акилов Стокгольмдо фургон машинеси менен элди тебелеп, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Кол салууда беш адамдын өмүрү кыйылып, 15и жарадар болгон. Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган.

Швециянын бийлиги 2016-жылы анын башпаанек сураган арызын четке кагып, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Бирок ал ага баш ийген эмес.

XS
SM
MD
LG