Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

Нетаньяху: "Иран атом бомбасы тууралуу калп айтты"


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 30-апрелде Тель-Авивде басма сөз жыйынын өткөрүп, Ирандын бийлигин сынга алды.

Ал көбүнчө англис тилинде сүйлөп, эл аралык аудиторияга кайрылып жатканын ишарат кылды.

Нетаньяхунун айтымында, Израилдин атайын кызматтары Ирандын жашыруун өзөктүк архивдерин тапты.

Израил премьери "Ирандын өз окумуштуулары өзөктүк курал иштеп чыгуу менен алектенбей тургандыгы жөнүндө Тегерандын билдирүүсү жалган” экенин белгиледи.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп 2015-жылдагы өзөктүк келишимди сындап, майдын аягына чейин Вашингтон андан чыгышы ыктымал экенин айткан.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел да документ толуктоолорго муктаж экенин белгилеген. Иран эгер Вашингтон мындай кадамга барса, өзү да келишимден чыгып, өзөктүк программасын калыбына келтирээрин эскерткен.

Орусия менен Кытай анын өзгөртүлүшүнө каршы экенин буга чейин жарыялаган.

2015-жылы дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Мунун ордуна ага карата эл аралык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG